Айып салып, автолорду эвакуациялайт. Бишкек мэриясы укуругун узартканы жатат

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык, калаа бийлиги туура эмес токтотулган унааларды эвакуация кылуу жана жаза чегерүү укугун сурап жатат. Мэрия буга чейин жеңил унааларды сүйрөп кете турган атайын техниканын бир нечесин сатып алган. Бирок Кайгуул милициясынын кызматкерлеринин катышуусу жок эвакуация кылууга муниципалитеттин укугу жок.
Ошондой эле шаар куруу эрежелерин бузгандарга, белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштап, үйүп, өрттөгөндөргө, жол тилкесин уруксаты жок казып, тешип, курулуш кылгандарга, тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээгиндеги тилкелерге соода түйүндөрүн, тамактануу, тейлөө пунктуларын куруп алгандарга карата айып пулду жогорулатуу маселесин көтөрүүдө.
Кодекстин учурдагы редакциясынын 114-115-беренелеринде көрсөтүлгөн шаар куруу эрежелерин бузгандарга, белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштап, үйүп, өрттөгөндөргө карата эскертүү түрүндөгү жазаны жоюп салуу сунушталды. Анткени кызматкерлер эреже бузуу аныкталса эскертүү беримиш болуп, жарандардан акча алып, коррупция күчөй турганы белгиленген.

“Эскертүүнүн ордуна айып салуу жөнүндө токтомду алгандан тартып 30 күн ичинде төлөнсө, айып пулду 70%га азайтуу сунушталууда”, — деп айтылат документте.

Мындан тышкары, укук бузуулар жөнүндө билдиргендерге акчалай сыйлык институтун киргизүү каралууда. Ал ишке ашса, кимдир бирөө эреже бузууну сүрөткө же видеого тартып, атайын органдарга билдирсе аларга акча берилиши мүмкүн. Бирок сыйлык төлөөнүн жол-жобосу тууралуу айтылган эмес.
Бишкек мэриясы ишкерлерди коомдук ажаткана куруу долбооруна катышууга чакырды