БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө сентябрь айынын ортосунда ЖККУнун "Рубеж — 2025" командалык-штабдык машыгуулары өтөт. Бул тууралуу уюмдун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков брифингде билдирди.
Жоокерлер "Эдельвейс" борборунун базасында машыгышат. Максаты — башкаруу органдарынын кызматташуусун өркүндөтүү жана согуштук операцияларды пландоо, жүргүзүү учурунда биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу. Даярдыктын алкагында тез жайгаштыруучу жамааттык күчтөрдүн командачылыгы менен ыкчам жыйын өткөрүлөт.
Окуулардын практикалык бөлүгү төмөнкүлөрдү камтыйт:
тоолуу рельефтин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча согуштук аракеттерди пландаштыруу жана жүргүзүү;
бардык этаптарда контингенттерди абадан коргоо;
согуштук аракеттер жүргүзүлүп жаткан аймакты көлдүн акваториясынан бөгөттөө, белгиленген райондо ыкчам режимди түзүү жана колдоо.
Ошондой эле аскерлердин практикалык аракеттеринин жүрүшүндө согуштук авиацияны колдонуу пландалууда.
Мындан тышкары, ЖККУнун алкагындагы машыгуулар сентябрдын башында Беларуста ("Взаимодействие-2025") жана октябрдын ортосунда Тажикстанда ("Нерушимое братство – 2025") өтөт. Анда дрондорду колдонууга жана каршылаштардын учкучсуз аппараттарына каршы күрөшүү ыкмаларына көңүл бөлүнөт.
Биргелешкен машыгуулар башталар алдында атайын аскердик операциянын жүрүшүндө алынган Россия армиясынын тажрыйбасын эске алуу менен жамааттык күчтөрдүн топторун башкарууну уюштуруу боюнча сабактар өткөрүлөт.
2025-жылы биргелешкен машыгууларга беш миңден ашуун аскер кызматкери жана миңге жакын курал-жарак, аскердик жана атайын техника катышат.