БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларында 23-26-27-август күндөрү Россиянын "Кино түнү" акциясы өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданий (“Русский дом”) борборунан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, акция 27-август — Россия киносу күнүнүн урматына уюштурулууда. Бул жылы иш-чара 10-ирет өткөрүлөт. Шаар жашоочуларына Россия кинематографиясынын белгилүү жаңы тасмалары тартууланат.
Фильмдердин жүгүртмөсү:
23-августта, Оштогу "Русский домдо" (Бобулов көчөсү, 72):
14:00 — "Волшебник Изумрудного города. Дорога из желтого кирпича";
16:00 — "Пророк. История Александра Пушкина";
19:00 — "Группа крови".
26-августта, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйү (Бишкек, Логвиненко көчөсү, 13):
19:00 — "Пророк. История Александра Пушкина".
27-августта, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйү:
18:00 — "Волшебник Изумрудного города. Дорога из желтого кирпича";
20:30 — "Группа крови".
Бишкекте көрсөтүлгөн кинолорго барууну каалагандар алдын ала жазылып коюш керек.
Мындан тышкары, борбор шаардын тургундары белгилүү искусство ишмерлери, акын Арсений Тарковский менен анын уулу, кинорежиссер Андрей Тарковскийдин чыгармачылыгы менен өмүр баянын чагылдырган көргөзмөгө күбө боло алат.
Акция РФтин Кыргызстандагы элчилиги, Россотрудничествонун өлкөдөгү өкүлчүлүгү жана Кино үйү тарабынан "Евразия" коммерциялык эмес уюмунун маалыматтык колдоосу менен уюштурулган.