БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, Ардак кароол тизилген.
Мамлекет башчылары үчүн кыргыз жана казак музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулду.
Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамдагы сүйлөшүүсү жана мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөрү күтүлүүдө.