БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет сентябрь айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, ай ичинде айрым облустарда абанын табы кадыресе салкындап, кээ бир түндөрү нөлдөн төмөндөп үшүк жүрүшү мүмкүн
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Ага ылайык, ай ичинде айрым облустарда абанын табы кадыресе салкындап, кээ бир түндөрү нөлдөн төмөндөп үшүк жүрүшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык норманын чегинде болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык норманын чегинде болот
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Чүй облусу
Ай ичинде күндүн табы 18…23төн 28…33 градуска чейин жетиши ыктымал. Ал эми түнкүсүн 8…13төн 14…19 градуска чейин болору болжолдонду. Айрым күндөрү түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градус болуп, коңур күздүн илеби сезилет.
Талас облусу
Ай ичинде орточо температура түнкүсүн 1…6 градус болот. Күндүз абанын табы 16…21ден 26…31 градуска чейин жетиши мүмкүн. Кээ бир күндөрү 8…13 градус болуп, бир аз ичиркентет. Кээ бир түндөрү -2 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Бул аймактарда термометрдин сызыгы түнкүсүн 9 градустан …14 градуска чейин, кээде 16…21 градусту көрсөтөт. Күндүз 29…34, айдын айрым күндөрү 20...25 градус болуп жайкы аптаптын аяктап баратканы билинет.
Ысык-Көл облусу
Региондо абанын орточо айлык температурасы 13…15 градусту түзөт. Түнкүсүн 1…6, кээде 10…15 градус жылыйт да, аба ырайы өзгөрүлүп турушу ыктымал. Кээ бир түндөрү абанын табы -2 градуска жетип, үшүк жүрөт. Күндүз болсо эң төмөндөгөндө 15 градуска жетип, аябай ысыганда 27 градус болот.
Нарын облусу
Тоолуу Нарын аймагында айрым түндөрү абанын температурасы -3 градуска түшүп, үшүк жүрөт. Сентябрь ичиндеги орточо температура 12…14 градусту түзөт. Түнкүсүн 1…6, кээде 9…14 градус болот. Күндүз 15…20, аябай ысыганда 24…29 градуска жетет.