БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Израиль армиясы Газа шаарына чабуул жасай баштады. Бул тууралуу Jerusalem Post басылмасы Куралдуу күчтөрдүн өкүлү, бригадалык генерал Эффи Дефринге шилтеме жасап билдиргенин РИА Новости жазды.
"ЦАХАЛ Газа шаарына басып кирүү боюнча алгачкы кадамдарын баштады", — деп айтылат билдирүүдө.
Куралдуу күчтөрдүн өкүлүнүн айтымында, армия шаардын чет жакасын көзөмөлдөп турат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху августтун башында Газа секторуна жалпы көзөмөл орнотуу ниетин билдирип, муну "коопсуздук периметрин камсыз кылуу" деп түшүндүргөн. Ал Тель-Авив кийинчерээк анклавды жарандык өкмөттүн башкаруусуна өткөрүп берүүнү пландаштырып жатканын кошумчалаган.
Бир нече өлкө, анын ичинде Египет жана Катар Израилдин пландарын сындап чыгышты. Өткөн аптада алар ХАМАСка 60 күнгө созулган тынчтык келишимин сунуштаган. Макулдашуу ошондой эле 2023-жылдын 7-октябрында уурдалган израилдик туткундардын жарымын палестиналык туткундардын бир бөлүгүнө алмаштырууну камтыйт.
ХАМАС бул сунушту колдоду, бирок Израиль жооп бере элек.
Палестина-Израиль жаңжалынын курчушу
2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа секторунан болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуулга учураган. Андан соң ХАМАС согушкерлери чек ара аймактарына кирип, аскерлерге жана жарандарга ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган.
Израилдин коргоо армиясы жооп катары "Темир кылыч" операциясын баштап, жарандык объектилерге сокку урган да, Газа секторун толук блокадага алганын жарыялаган. Аймакка суу, электр энергиясы, күйүүчү май, азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүү токтогон.
Кандуу тирешүү ушуга чейин 56 миң палестиналык менен 1,5 миң израилдиктин өмүрүн алды. Жаңжалдын эпкини Ливан менен Йеменге да тийип, Израиль менен Ирандын бири-бирине ракеталык сокку уруусун шарттады.