Бишкекте конок үйдүн атын жамынган сойкукана жабылып, 6 кыз кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында мейманкананын атын жамынып, акыркы беш жылдан бери интимдик кызмат көрсөтүп келген жай жабылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Осмонкул көчөсү, №9 дарегинде жайгашкан "Восток" конок үйүн текшере келгенде антисанитардык абал, гигиеналык тазалыктын сакталбагандыгы, кээ бир коноктордун жана кызмат көрсөткөндөрдүн психотроптук зат колдонгондугу аныкталган.
"Мейманкана деп аталып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайдан алты кыз кармалды. Алардын эң улуусу 30, эң кичүүсү 20 жашта. Аларга административдик жаза каралат. Мындан тышкары, эки администратор аныкталып, тергөө амалдары жүрүп жатат", — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Ошондой эле сойкукана уюштуруп, интимдик кызмат көрсөтүү үчүн системалуу түрдө шарт түзүп, бул аракетинин аркасынан акча таап келген деген айып менен Канатбек Жумабеков аттуу жаран колго түшүп, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми "Восток" конок үйүнүн ээси О.З.К. аттуу жарандын жоопкерчилиги каралып жатканы белгиленген.
1 / 2

Бишкек шаарында мейманкананын атын жамынып, акыркы беш жылдан бери интимдик кызмат көрсөтүп келген жай жабылды

2 / 2

Осмонкул көчөсү, №9 дарегинде жайгашкан "Восток" конок үйүн текшере келгенде антисанитардык абал, гигиеналык тазалыктын сакталбагандыгы, кээ бир коноктордун жана кызмат көрсөткөндөрдүн психотроптук зат колдонгондугу аныкталган

Атайын кызмат жарандарды абийирдүү болууга чакырып, мыйзамга жат ишмердүүлүк фактылары аныкталган учурда дароо билдирүүгө чакырган.
Вебкам-студия уюштуруп соттолгон Ажиевдин аялына батири кайтарылып, унаа берилди