УКМК мектеп директорлоруна мыйзамсыз маяна берген коррупциялык схеманы аныктады

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ош шаардык билим берүү башкармалыгында мектеп директорлоруна мыйзамсыз айлык акы берген коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматта башкармалыктын мурдагы эсепчиси А.А. бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жең ичинен сүйлөшүп, аларга мыйзамсыз маяна чегерип, башка төлөмдөрдү которгону айтылат.

"№24 Фрунзе орто мектеби, №42 Керме-Тоо орто мектеби, №17 Гагарин орто мектеби, "Олимп" мектеп-гимназиясы, №18 Навои мектеп-лицейи жана №52 Кыргыз–Түрк достугу мектеп-лицейинин директорлору мыйзамсыз берилген каражаттарды алышкан. Алдын ала эсеп боюнча, 9 миллион сомго жакын зыян келгени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген чыгымды кайтарып алуу боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Министрликтеги коррупция. Өзбекстанга 40 миңдей бодо мал мыйзамсыз экспорттолгон