Депутат Кыргызстанда таштанды таштагандарды тарбиялоо жолдорун сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев таштандыны тыюу салынган жерге таштагандарды тарбиялоо жолун сунуштады.
Ал Кыргызстандын мыйзамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп эсептейт:
тиричилик таштандыларын таштагандарга эскертүү берүүнүн ордуна 20 сааттык коомдук жумушка тартуу;
өндүрүш, өнөр жай жана медициналык таштандыларды таштагандарды, таштандыларды же жалбырактарды өрттөгөндөрдү 20-30 сааттык коомдук жумуштарга тартуу.
Мында айып пул төлөө шарты дагы сакталып калат.
Демилгечи мунун артыкчылыктарын санады:
адилеттүүлүк принциби — эреже бузган адам өзү булгаган аймакты тазалайт;
төлөнбөгөн айып пулдардын санын жана аларды өндүрүүгө кеткен мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу;
таштандыларды башкаруу чөйрөсүндө тартипти чыңдоо жана таштанды башаламан төгүлгөн жайларды азайтуу.
Бекешев тарбиялык аракеттердин аркасында жарандар мыйзамды кайрадан бузууга барбайт деп үмүттөнөт.
Айып салып, автолорду эвакуациялайт. Бишкек мэриясы укуругун узартканы жатат