БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетовдун медиктерге ыктыярдуу “чай пул” төлөө идеясын колдоду.
Эскерте кетсек, буга чейин Баетов официантка "чай пул" берилсе жакшы, ал эми дарыгерге берилсе пара болуп каларын билдирген. Мындан улам ведомстволор аралык комиссияда ыктыярдуу кошумча төлөмдөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү караларын айткан.
Sputnik агенттигиндеги маегинде Чечейбаев Кыргызстанда орточо айлык 42 миң сом болсо, дарыгерлердики 26 миң сом экенин белгиледи. Башкача айтканда, расмий айлык орточо көрсөткүчкө да жетпейт. Бирок дүйнөлүк стандарттар боюнча ал эки эсе көп болушу керек.
“Кээде "эгер мага төлөсөңөр операция жасайм" деп опузалоо болуп кетиши мүмкүн. Бул нерсе, албетте, туура эмес жана коррупция болуп саналат. Кызмат көрсөтүлбөй жатып шарт койгон болбойт. Бирок эгер дарыгер эч кандай шарт койбостон өз ишин мыкты аткарса, бейтап ыраазы болсо, ал эмнеге ошол ыраазычылыкты алуудан уялышы керек?” — деди министр.