Бишкектеги Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн бөлүктөрү эки багыттуу болот

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Эртеңден баштап Бишкектеги Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн бөлүктөрү эки багыттуу болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй проспекти менен Фрунзе көчөсүнүн айрым бөлүктөрү ремонтко убактылуу жабылгандыктан Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Абдрахмановго чейин, ал эми Токтогул көчөсү Эркиндиктен Ибраимовго чейин эки тараптуу болот.
Бул көчөлөрдө унаа токтотууга тыюу салган белгилер орнотулат.
Айып салып, автолорду эвакуациялайт. Бишкек мэриясы укуругун узартканы жатат