БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. 22-августта республиканын көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +31…+33, Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.