Кино тартуу өнөрүнүн алтын барактары санарип дүйнөдө кайра жанданып, муундан муунга өтүүдө. Мындай пикирин Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын архив кызматкери Жолдош Акматалиев “Стоп Кадр” программасында билдирет. Анын айтымында, “Кыргызфильм” эски фильмдерди санариптештирүү менен улуттук баалуулуктарды сактап калууга жана жаңы доорго алып өтүүгө чоң кадам жасап жатат. Бул уктурууда биз тарыхтын кадрлары кандайча замандын талабына жараша жаңыланып жатканын, санарип технологиялары аркылуу улуттук кинематографиянын келечеги кандай курчалып жатканын сөз кылабыз.