Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Батыштын Россияга койгон санкциялары РФтин экономикасын чөгөлөтө албастыгын, муну каршылашкан тараптар өздөрү деле жакшы билип тургандыктарын айтты. "Кабар" агенттигинин журналисти "Борбордук Азия Капитал Банкына" карата санкция кириши менен Россияга басым болобу же андан Кыргызстан эле кыйналабы деген тейде суроо узаткан. Президент Россия мындан эч нерсе болуп кетпестигин айтып жооп берди. "Капитал Банк" да кыйналбастыгын белгилеген. "Аталган банк Финансы министрлигинин алдында кандай иштесе ошондой иштей берет", — деген ал. Жапаров Батыштын РФке коюлган чектөөлөрдүн зыянынан пайдасы арбыныраак болуп жатканын белгилеген. Ал санкциянын кесепети бардыгын, бирок таптакыр эле мөгдүрөп калгыдай эместигин белгилеген. Муну санкция киргизгендер деле билип, өздөрү деле Россия менен соода-сатык кылып жатканын айткан. Ал санкциялык басым менен деле күнүмдүк оокат жүрө берерин айтып, сөзүн жыйынтыктаган.
Көптөгөн өлкөлөрдө аялдардын негизги укуктарын талкуулоо дагы деле соодалашуунун жана талаш-тартыштын предмети болуп саналат. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева Бишкекте өткөн "Дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн лидер аялдар" форумунда билдирди. Ал адамзаттын илимде, космосто жана технологияда жетишкендиктерине карабастан, чыныгы гендердик теңдикти камсыз кылууда артта калуу байкалып жатканын белгиледи. Ал эки жыл мурда Өзбекстан Борбор Азияда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам кабыл алган биринчи өлкө болгонун эске салды. "Аялдар коомдун өнүгүшүн колдоп эле тим болбостон, тең укуктуу. Биз өзгөрүүлөрдү жаратуучуларбыз", — деп жыйынтыктады Мирзиёева. Форум "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү, ага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова да катышты.
Тик учактын жардамы менен Россиядан келген эки альпинист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Чет элдиктер Ала-Арча капчыгайындагы "Байчечекей" чокусуна чыгышмак. Бирок караңгыда адашып, тоодо түнөөгө аргасыз болушкан. Чоку деңиз деңгээлинен 4 515 метр бийиктикте жайгашкандыктан куткарууга авиация тартылганы айтылат."Биз калың кардын алдында калдык, суу болуп тоңуп, шаймандарыбыздын да бир бөлүгүн жоготуп алдык. Өзүбүз түшө алмак эмеспиз. Бул өмүр менен өлүм маселеси болчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине куткарганы үчүн абдан ыраазымын", — деп билдирген альпинисттердин бири. Куткаруучулар аларды дароо Бишкекке жеткирип, министрликтин медицина кызматынын дарыгерлери алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Куткарууга AIRBUS H125 тик учагы тартылганы айтылды.
Израиль армиясы Газа шаарына чабуул жасай баштады. Бул тууралуу Jerusalem Post басылмасы Куралдуу күчтөрдүн өкүлү бригадалык генерал Эффи Дефринге шилтеме жасап билдиргенин РИА Новости жазды. "ЦАХАЛ Газа шаарына басып кирүү боюнча алгачкы кадамдарды баштады", — деп айтылат билдирүүдө. Куралдуу күчтөрдүн өкүлүнүн айтымында, армия шаардын чет-жакасын көзөмөлдөп турат. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху августтун башында Газа секторуна жалпы көзөмөл орнотуу ниетин билдирген.