Эми ар бир жаран өзүнүн каалоосу менен кредит алуу боюнча өзүнө тыюу сала алат. Кардар кредиттик келишим түзүүдөн баш тарта алат жана ал тууралуу маалымат кредиттик бюролорго жөнөтүлөт. Банктар кредит сураган учурда өзүнө тыюу салуу бар экенин текшерүүгө милдеттүү. Эгер тыюу салуу бар болсо, кредит берүү келишимин түзө алышпайт. Мыйзам кардарларды финансылык алдамчылыктан жана маалыматтын мыйзамсыз колдонулушунан коргоого багытталган. Бул өлкөдө кредиттик маалыматтарды алмашуу жана банк кызматтарын ишенимдүү жүргүзүү жаатында маанилүү кадам болуп саналат.
Мындан сырткары, мыйзам жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана кредиттик маданиятты жакшыртууга өбөлгө түзөрүн Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева маалымдады.