Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Көрүстөндөрдө сөөк көмүү жайларын алдын ала ээлөө тартибин аныктаган токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Чечимге ылайык, көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо эрежелери, анын ичинде шарттары, мөөнөттөрү, наркы жана тариздөө жол-жобосу аныкталганы айтылат. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлганда, сөөк коюлуучу жайды адамдын жубайы гана брондой алары айтылган. Республикалык маанидеги шаарлар үчүн алдын ала сатып алуунун наркы 1000 эсептик көрсөткүч, облустук шаарларга 750 эсептик көрсөткүч, айыл жана райондун деңгээлиндеги шаарларга 500 эсептик көрсөткүч аныкталган. Жайды 10 жылга брондоп, андан кийин дагы ушунча убакытка узартса болот.
Россия Кыргызстанга алардын альпинисттерин, тагыраагы, Наталья Наговицинаны куткаруу үчүн көргөн ыкчам аракеттерине ыраазы экенин РФ ТИМинин расмий өкүлү билдирди Мария Захарова билдирди. Бишкектеги элчилик алар менен байланышып, куткаруунун айла-амалын көрүп жатканы айтылды. 12-августта Россиялык альпинист Наталья Наговицинын Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырып, бийиктикте калып калган. Анын шериги жабыркаган альпинистке биринчи жардам көрсөтүп, коопсуз жерге жайгаштырып, жардамга башкаларды чакырыш үчүн лагерге түшкөн. 13-августта ал лагердеги Италия менен Германиядан келген альпинисттер Наговицинага көтөрүлүшкөн. Ага жетип, уктоочу мүшөк, азык-түлүк, газ баллон таштап, аба ырайынын катаалдыгынан улам кайра түшүүгө мажбур болушкан. Жолдо италиялык альпинисттин абалы капыстан кескин начарлап, 15-августта каза болгон.Өткөн жумада Жеңиш чокусундагы адамдарга бараткан Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Ми-8 тик учагы кырсыктаган. Катаал аба ырайына байланыштуу тик учак тоого конууга аргасыз болгон. Борттогу бир нече адам жаракат алган.Учкучтар аба ырайынын жакшырышын күтүп жатат.
Ушул жылдын 21-сентябрында Бишкекте беш миңге жакын жөө күлүк катышкан Bishkek Snow Leopard Run аталышындагы марафон өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады. Марафон борбордун "Ала-Тоо" аянтынан башталып, жөө күлүктөр Чүй, Абдрахманов, Масалиев жана Айтматов көчөлөрү менен түзүлгөн маршрут боюнча жүгүрүшөт. Ар бир катышуучу өзүнө ылайыктуу аралыкты тандап алса болот: 5 чакырым — 14 жаштан жогору 14 чакырым — 16 жаштан жогору 21.1 чакырым (жарым марафон) — 18 жаштан жогору 42.2 чакырым (марафон) — 18 жаштан жогору Мындан тышкары Kid"s Run деп аталган балдар үчүн жарыш да уюштурулат. Алар 100, 300, 500 метр жана бир чакырым аралыкка чуркайт.
Эки өзөктүк державанын өз ара тил табышканы ар дайым жакшы. Бул туурасында АКШнын лидери Дональд Трамптын айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды. Ал РФ президенти Владимир Путин экөө бирин-бири түшүнбөсө, АКШ кооптуулукта калмак деп белгилеген. "Путин менен Зеленскийдин ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин Украинадагы согушту жөнгө салууга жакшы мүмкүнчүлүк бар", — деген ал.