Буга чейин РФ президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен Аляскага барып, сүйлөшүү өткөрүшкөн. Жолугушуунун негизги темасы — Украина кризисин жөнгө салуу болду. Ал "үчкө үч" форматында өтүп, Тар курамдагы сүйлөшүүгө Россиядан ТИМ жетекчиси Сергей Лавров менен Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков, АКШ тараптан президенттин чабарманы Стивен Уиткофф менен мамлекеттик катчы Марко Рубио катышты.
Бул жолугушуудагы негизги темалар тууралуу Саясат таануу илимдеринин доктору, эксперт Токон Мамытов ой бөлүштү.