БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Эки өзөктүк державанын өз ара тил табышканы ар дайым жакшы. Бул туурасында АКШнын лидери Дональд Трамптын айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Ал РФ президенти Владимир Путин экөө бирин-бири түшүнбөсө АКШ кооптуулукта калмактыгын белгилеген.
"Путин менен Зеленскийдин ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин Украинадагы согушту жөнгө салууга жакшы мүмкүнчүлүк бар", — деген ал.