Касым-Жомарт Токаев эртең Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Бишкекке расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамдагы сүйлөшүүсү жана мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөрү айтылган.
"Лидерлердин катышуусунда "Ынтымак" паркында "Достуктун алтын көпүрөсү" монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулдугу, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы күтүлүп жатканы кабарланды.
Казак лидеринин сапарын утурлай Кыргызстанда казак киносунун күндөрү жана Кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү пландаштырылган.
Токаев Трампка казакстандык товарларга киргизилген бажы алымдары боюнча жооп берди