Сталиндик жетинчи сокку: бутага немецтер эмес, румын топтору алынып... Видео

Улуу Ата Мекендик согушта, 1944-жылдын 20-августунда, Кызыл Армия Яссы-Кишинёв операциясын баштады. Бул тарыхта сталиндик жетинчи сокку деп аталды.
Sputnik
Негизги соккуларды немец аскерлерине эмес, согуштук даярдыгы андан да алда канча начар союздаштарына, тагыраагы, флангдарда жайгашкан румын топторуна уруу чечими кабыл алынган. Ошентип бутага румын генерал-лейтенанты Петре Думитреску жетектеген 3-армия жана генерал-лейтенант Илие Штефля башкарган 4-армия алынат.
Советтик 2 жана 3-Украин фронтторунун аскерлери күчтүү чабуул менен немец-румын топторунун коргонуу сызыгын бузуп өтүшөт. Терең курчоо тактикасын (Сталинграддагыдай) колдонуп, Кызыл Армия 23-августка чейин душмандын чоң бөлүгүн курчоого алган.
Жалпы санай келгенде душмандын 208 миң жоокери, офицери туткунга алынган.
Бул Молдованын толугу менен, Кишинёвдун 24-августта, бүт Молдованын 26-августта бошотулушуна шарт түзөт.
Фронттогу оор жеңилүү Румынияда мамлекеттик төңкөрүшкө алып келет. Падыша Михай I СССР менен ок атышпоого кол коюудан баш тарткан диктатор Антонескуну камакка алат. Румыния Германия тараптан чыгып, антигитлердик коалицияга кошулат.
Мунун артынан Гитлер козголоңду басуу буйругун берет. Немец авиациясы Бухаресттеги Падышалык сарайды жана шаардагы маанилүү объектилерди бомбалоону баштайт...