БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда кызматташуунун актуалдуу маселелери, маданий-гуманитардык жана билим берүүдөгү байланыштарды чыңдоо тууралуу талкуу болгону айтылды. Жапаров биргелешкен күч-аракеттердин аркасында кыргыз-өзбек алакасы стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп, чыңдалып жатканын белгилеген.
Ал эми Мирзиёева жаштар саясатын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкекте өткөрүлө турган "Заковат" интеллектуалдык оюну жөнүндө айтып берген.