Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЕБ Россияны Украина боюнча жолугушуудан баш тартса санкция киргизем деп опузалоодо

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Эгерде РФ лидери Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп жана Владимир Зеленский менен үч тараптуу жолугушуудан баш тартып калса деп Улуу Британия менен Евробиримдик санкция даярдап жатат. Бул туурасында РИА Новости Telegraph басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
"Улуу Британия менен Евробиримдик Россияга карата санкция даярдап жатат. Чектөө эгерде Путин Зеленский жана Трамп менен болчу үч тараптуу жолугушуудан баш тартса киргизилет", — деп жазылган анда.
РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Путин менен Трамп телефондон сүйлөшкөндө Россия-Украина делегацияларынын түз сүйлөшүүсүнүн уланышын кубаттай тургандыктарын билдиришкен. Мындан улам эки тараптын өкүлдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү идеясы талкууланган.
Трамп Россияга жаңы санкцияларды киргизе тургандыгын айтты