БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Көрүстөндөрдө сөөк көмүү жайларын алдын ала ээлөө тартибин аныктаган токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Чечимге ылайык, көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо эрежелери, анын ичинде шарттары, мөөнөттөрү, наркы жана тариздөө жол-жобосу аныкталганы айтылат.
“Документ жарандардын сөөктү көрүстөнгө кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу, санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо, көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу, кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкын механизмин түзүү максатын көздөйт”, — деп айтылат маалыматта.
Токтом долбоору коомдук талкууга коюлганда, сөөк коюлуучу жайды адамдын жубайы гана брондой алары айтылган. Республикалык маанидеги шаарлар үчүн алдын ала сатып алуунун наркы 1000 эсептик көрсөткүч, облустук шаарларга 750 эсептик көрсөткүч, айыл жана райондун деңгээлиндеги шаарларга 500 эсептик көрсөткүч аныкталган.
Жайды 10 жылга брондоп, андан кийин дагы ушунча убакытка узартса болот.