БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Айыл чарба министрлигиндеги коррупциялык иштерден улам Өзбекстанга 40 миңден ашык бодо мал мыйзамсыз экспорттолгон. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Анда министрдин орун басары баштаган кызмат адамдары коррупциялык схема түзүп, мал менен алектенбеген тааныштарына квота берүүнү уюштурушканы айтылат. Бул адамдардын малы барын тастыктаган актылар министрликтин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен райондук ветеринардык башкармалыктардын адистери тарабынан бурмаланып жасалып келгени ачыкталган.
Натыйжада аткаминерлердин тааныштары мыйзамсыз алынган квоталарды дыйкандарга жана мал экспорттоо менен алектенген жеке жактарга ар бир бодо мал үчүн 300 доллардан, майда жандык үчүн 5 миң сомдон сатышкан.
"Министрдин орун басары Н.С.Н., бөлүм башчы М.Э.У., Ветеринардык кызматтын директору К.У.С., бөлүм башчы Н.у.Б. кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында мал чарбачылыгы менен алектенбеген тааныштарына квота берген коррупциялык схема түзүшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Анын кесепетинен 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып, эттин кымбатташына себеп болгону белгиленди.
Иш боюнча министрликтин кызматкерлери, ортомчу ишкерлер кармалып, тергөө уланып жатканы айтылды.