Эки өлкөдө адам өлтүрүүгө шектелген кыргызстандык жаран Литвадан кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Адам өлтүрүүгө айыпталып, укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган кыргызстандык жаран Литвадан кармалганын Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Анда криминалдык чөйрөдө Детина деген каймана аты менен белгилүү болгон 46 жаштагы Ю.Ю. аттуу жаран жүздү таануу технологиясынын жардамы менен колго түшкөнү айтылат. Бул боюнча министрлик кайрылуу жибергени, шектүү буга чейин башка бирөөнүн атындагы жасалма документти колдонуп келгени белгиленген.
"Ю.Ю. 2007-жылы унаа жуучу жайдын ээсин атып өлтүрүп, качып кеткен. Алматы шаарында дагы адам өлтүрүүгө шектелип, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Ага Интерпол аркылуу да эл аралык издөө жарыяланган", — деп айтылат маалыматта.
ИИМдин билдиришинче, Ю.Ю. буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган. Шектүүнү өлкөгө алып келүү маселеси каралууда.
Райым Матраимовдун өкүл баласы Россиядан кармалып, өлкөгө алып келинди