БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Борбор калаада Zakovat Asian Cup II эл аралык интеллектуалдык турниринин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева катышты.
Өкмөт башчы Бишкекте интеллектуалдык бул оюн боюнча II ачык Азия чемпионатын уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккан Саида Мирзиёевага ыраазылык билдирди.
Мирзиёева турнирдин Бишкекте өтүшү эки боордош мамлекеттин маданий-гуманитардык кызматташтыгынын жаркын үлгүсү экенин белгиледи.
"Иш-чара эки боордош элдин ортосундагы гуманитардык байланыштарды бекемдеп, билим берүү, илим жана маданият тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө бекем негиз түздү", — деп айтылат маалыматта.
Андан соң Zakovat Asian Cup II турнири башталды. Өзбекстан командасы эки раундда тең артыкчылык кылып, 2:0 эсебинде Кыргызстандын командасын утуп алды.
Жеңүүчүлөргө кубокту Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Мирзиёева тапшырды.
Эске салсак, бүгүн Бишкекке Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева келди. Ал президент Садыр Жапаров, канайым Айгүл Жапарова, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев менен жолукту.