Бишкек мэриясы: Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Эртең, 21-августтан тарта, Фрунзе менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, Фрунзе көчөсү боюнча (Айтматов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, узундугу 1600 метр) жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрөт.
"1971-жылдан бери иштеп келе жаткан түтүктөрдүн колдонуу мөөнөтү бүткөндүктөн тез арада алмаштырууну талап кылат. Оңдоо иштери 1-сентябрда аяктайт", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочуларга жол каттамын алдын ала пландап алуу сунушталат.
Бишкек мэриясы: Дэн Сяопин проспектиндеги жол ноябрда оңдолуп бүтөт