Акыйкатчы институту кайнатасы зордуктады деген келиндин окуясы менен бөлүштү

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Акыйкатчы институту Бишкекте кайнатасы зордуктады деген 20 жаштагы келиндин жүрөк тилген окуясы менен бөлүштү.
Маалыматка караганда, Ж.к.Э. бул үй-бүлөгө былтыр 17-июлда келин болуп келген. Анын айтымында, келгенине бир ай өтпөй кайнатасы бычак менен коркутуп, зордуктаган. Мындай ыплас көрүнүш бир жылда көп жолу кайталанган. Кайненеси (өгөй) билгени менен чара көргөн эмес.
"Келин 2025-жылдын 11-апрелинде көз жарган. Төрөт үйүнөн чыккандан 15 күн өтпөй кайнатасы кайра кол салган. Бул тууралуу жолдошуна май айында гана айтып берген. Натыйжада ата-баланын ортосунда чыр чыгып, И.А. баласын сабаган. Андан кийин кичинекей баласы менен 10 күнгө талаа жумуштарына кетирип жиберген. Ал жакты да кыйратпай жатасыңар деп уруш чыгарганда жаш жубайлар баласын кайнатасына таштап Ысык-Көлгө качып кетишкен. Милицияга Караколдон арыз жазышып, иш Бишкектин милициясына өткөрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү кармоо учурунда күч органдарына 50 миң сом пара сунуштап, ага карата дагы бир берене боюнча иш козголгон. Жубайлар төрт айлык баласын кайын журтунан алыш үчүн кризистик борборго кайрылышкан. Баланы алганы барганда бөбөк ыйлоого да алы келбей алсырап, кийин ооруканадан чарчап калганы айтылды.
Акыйкатчы жаштарга акысыз адвокат, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн тиешелүү тараптарга расмий кат жолдоду.
Акыйкатчы: өлтүрүлгөн келиндин балдарын кайнагасы камкордукка аларын айтты