БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн лидер аял" аттуу форум өтүп жатат. Ага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева катышууда.
Форумдун негизги максаты — лидер айымдарды колдоо жана тажрыйба алмашуу. Иш-чарага 200гө жакын кыз-келин келген.
Иш-чаранын соңунда Жапарова менен Мирзиёева Борбор Азиянын интеллектуалдык оюндары — Zakovat Asian Cup II эл аралык турнирине катышат.
Zakovat Asian Cup II кубогу үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын курама топтору күч сынашат. Алар эки өлкөнүн эң мыкты интеллектуалдарын чогулткан командалар болуп саналат.