Медиктерге "чай пул" калтыруу. Баетов демилгеси боюнча түшүндүрмө берди

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары (юстиция министри) Аяз Баетов медиктерге "чай пул" алууга уруксат берүүнү сунуштаган билдирүүсүн түшүндүрдү.
Эскерте кетсек, кечээ айтылган демилге коомчулукта кызуу талкууланып, нааразычылык жараткан.
Баетовдун айтымында, сунушта мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынында ыктыярдуу акча төлөө жөнүндө гана сөз болгон. "Чай пулду" мыйзамдаштыруу контексттен үзүп алынган.
Министр "ыктыярдуу төлөм" санариптик көзөмөлгө алынып, сөзсүз касса аркылуу өтүп, белгилүү бир чектен ашпаган (маселен 3,5 миң сом) суммада болорун белгиледи.
"Бул бекитилген план же министрлер кабинетинин чечими эмес, болгону ведомстволор аралык комиссиянын талкуусуна коюлган сунуш болчу", — деп кошумчалаган Баетов.
Министрлик аймактарга дарыгерлерди жумушка чакырып, кошумча акы убадалоодо