БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Баткен облусундагы №2022 аскер бөлүгүндө катардагы жоокер каза болгонун УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Анда жоокер И.у.А. өзүнө кол салганы белгиленген.
"Мекеме тарабынан бардык жагдайларды жана окуянын себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды", — деп айтылат кабарда.
Факт боюнча тийиштүү укук коргоо органдарына дароо маалымат берилген.