Саида Мирзиёева: аялдардын укуктары дагы деле талаш жаратканы өкүнүчтүү

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Көптөгөн өлкөлөрдө аялдардын негизги укуктарын талкуулоо дагы деле соодалашуунун жана талаш-тартыштын предмети болуп саналат. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева Бишкекте өткөн "Дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн лидер аялдар" форумунда билдирди.
Ал адамзаттын илимде, космосто жана технологияда жетишкендиктерине карабастан, чыныгы гендердик теңдикти камсыз кылууда артта калуу байкалып жатканын белгиледи.

“Биз аялзат тең укуктуу болууга татыктуубу деген суроону дагы деле берип жатабыз. Аялдар өздөрүнүн жашоосуна болгон көзөмөлдү башка бирөөнүн колуна тапшырып, анан ошол нерсени кайра кыздарына үйрөтүп жатканы кейитет. Бул залда "тынч отур, сен аялсың" деген сөздү укпаган аял жок болсо керек. Бүгүнкү биздин эркиндик үчүн бир кезде башка аялдар өмүрүн бергенин унутуп калгандайбыз”, — деди Мирзиёева.

Ал эки жыл мурда Өзбекстан Борбор Азияда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам кабыл алган биринчи өлкө болгонун эске салды.
“Айтыңыздарчы, кайсы маданиятта зомбулукка орун бар? Коркуу жана кемсинтүү үй-бүлөнүн негизи болушун эч ким каалабайт. Президенттин бул мыйзамга кол коюу чечими эч качан унутулбайт”, — деди Мирзиёева.
Анын айтымында, Өзбекстанда аялдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жыл сайын миллиондогон доллар инвестиция салынууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө эки миллиондон ашык аялдын жеке бизнеси бар, парламент депутаттарынын 38%ын аялдар түзөт. Президенттин демилгеси менен Өзбекстандагы бардык кыздар магистратурада акысыз окуй алышат. Жылына 15 миңге жакын кыз окууга мамлекеттик гранттарды алышат.
"Аялдар коомдун өнүгүшүн колдоп эле тим болбостон, тең укуктуу. Биз өзгөрүүлөрдү жаратуучуларбыз", — деп жыйынтыктады Мирзиёева.
Форум "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү, ага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова да катышты.
Бишкекте Жапарова менен Мирзиёева катышкан лидер аялдардын форуму өтүүдө