Бишкекте 21-сентябрда беш миңге жакын жөө күлүк катышкан марафон өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ушул жылдын 21-сентябрында Бишкекте беш миңге жакын жөө күлүк катышкан Bishkek Snow Leopard Run аталышындагы марафон өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Марафон борбордун "Ала-Тоо" аянтынан башталып, жөө күлүктөр Чүй, Абдрахманов, Масалиев жана Айтматов көчөлөрү менен түзүлгөн маршрут боюнча жүгүрүшөт.
Ар бир катышуучу өзүнө ылайыктуу аралыкты тандап алса болот:
5 чакырым — 14 жаштан жогору;
14 чакырым — 16 жаштан жогору;
21.1 чакырым (жарым марафон) — 18 жаштан жогору;
42.2 чакырым (марафон) — 18 жаштан жогору.
Мындан тышкары, Kid"s Run деп аталган балдар үчүн жарыш да уюштурулат. Алар 100, 300, 500 метр жана бир чакырым аралыкка чуркайт.
1 / 3

Ушул жылдын 21-сентябрында Бишкекте беш миңге жакын жөө күлүк катышкан Bishkek Snow Leopard Run аталышындагы марафон өтөт

2 / 3

Марафон борбордун "Ала-Тоо" аянтынан башталып, жөө күлүктөр Чүй, Абдрахманов, Масалиев жана Айтматов көчөлөрү менен түзүлгөн маршрут боюнча жүгүрүшөт

3 / 3

Kid"s Run деп аталган балдар үчүн жарыш да уюштурулат. Алар 100, 300, 500 метр жана бир чакырым аралыкка чуркайт.

"Марафондун алкагында чогулган каражаттын бир бөлүгү ак илбирсти жана алардын экосистемасын сактоо долбоорлоруна, баш калаада спорттук инфратүзүмдү жакшыртууга жумшалат", — деп айтылат маалыматта.
2024-жылы чогулган акчага ушул күздө корукчуларга жабдуулардын 90 комплектин алып берүү пландалып жатканы айтылды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги — Bishkek Snow Leopard Run 2025 марафонунун маалыматтык өнөктөшү.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 4 балбан катышат. Тизме