21-августка карата аба ырайы

21-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 30…35, Талас өрөөнүндө 26…31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 30…35, Ысык-Көлдө 20…25, Нарын чөлкөмдөрүндө 23…28 градус ысык болот.
Күндүн табы баш калаа Бишкекте 31…33, Ош шаарында 32…34, Чолпон-Атада 20...22 градуска көтөрүлөт.
Эл мамлекеттик органдарга мурдагыдан көбүрөөк ишене баштады. Изилдөө