Бишкекте инсульт алган бейтапты жаңы ыкма менен дарылап, ал 5 мүнөттөн кийин тилге келип сүйлөй баштады. Улуттук госпиталдын кабарлашынча 27-июлда Тез жардам кызматы 76 жаштагы аялды Улуттук госпиталдын Инсульт борборуна алып барышкан. Аны жаңы ыкма менен дарылап . Беш мүнөттөн кийин бейтап сүйлөп, кыймылдай баштаган. Үч күндөн кийин ал үйүнө чыгарылган.
“Ачык кеп” программасынын бул чыгарылышында ушул жаңы ыкма тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Улуттук Госпиталдын дарыгер-неврологу Дильбара Курманалиева жооп берди.