"ЭлКат" компаниясы мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери кирешесин 32 пайызга, таза пайдасын 65 пайызга жогорулатууга жетишти. Операциялык натыйжалуулук жогорулап, каржылык абал бир кыйла жакшырды. Компаниянын буга чейин 138 миллион сом карызы болгон, аталган карызды кыска мөөнөт ичинде 100 пайызга төлөнүп берилди. “Элкаттын” иши, бир жылдык монополия, ички рыноктун абалы тууралуу Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Элкат” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Нурадил Баясов маек курду.