Кыргызстандын аймактарындагы китепканалардын 70 пайызы жабылат. Бул тууралуу бүгүн бюрократиядан арылуу боюнча комиссиянын жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн изилдөөлөр айыл китепканаларынын 82 пайызындагы китеп фонду эскирип, жараксыз болуп калганын көрсөттү. Бул болжол менен 1 млн 200 миң китеп. Бюрократиядан арылуунун алкагында айыл китепканаларынын 70 пайызын жабуу, ал эми жарактуу китептерди мектептерге өткөрүп берүү чечими кабыл алынууда. "Бардык борбордук китепканалар санариптештирилет", - деди министр.
Эгер ишкер өлкөгө 1 миллиард сом жана андан ашык инвестиция сала турган болсо министрлер кабинети менен түз инвестициялык макулдашууга жетише алат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. "Эл аралык кадыр-баркы жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү тажрыйбасы, билими бар инвесторлорго дал ушундай мүмкүнчүлүк берилет", — деп айтылат маалыматта. Инвестициялык келишимдин алкагында инвесторлорго артыкчылыктар берилиши мүмкүн: салыктык жана бажы жеңилдиктери; негизги кызматкерлер үчүн визалык колдоо; жер тилкесин издөө жана мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү. Ошондой эле ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү орган инвестициянын суммасына карап инвестор менен түз келишимге кол кое аларын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев билдирди. Белгилей кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров "Инвестициялар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргенден кийин кол койду.
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңеши Беларустун борборунда 29-сентябрда өтөт. Бул туурасында уюмдун башкы катчысы Сергей Лебедев КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөр кеңешинин жыйынынын алдында билдирген. Буга чейин аталган иш-чара 30-сентябрда өтөрү маалымдалган болчу. "КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны 29-сентябрда болмокчу. Баса белгилеп айткым келет, 29-сентябрда. Азыр ушул жыйынга даярданып жатабыз", — деген ал. Лебедев күн тартибине 14 маселе жана 25 документтин долбоору киргизилерин айтты. Алардын ичинде 2026-2030-жылдарга эсептелген КМШнын экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясынын экинчи этабын ишке ашыруу планы да бар.
Кыргызстанда 22-августтан тарта таксилерди милдетүү лицензиялоо күчүнө кирип, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн оң рулдуу унааны айдоого тыюу салынат. Бул тууралуу ЖКККББнын транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев билдирди. Анын айтымында, таксисттерден дароо лицензия талап кылынбайт, иш этап-этабы менен жүргүзүлөт. Акыркы этапты 1-декабрда бүтүрүү пландалууда, андан кийин рейддер башталат. Бирок 22-августтан тарта милиция оң рулдуу машиналар менен такси кызматын көрсөткөндөрдү текшере баштайт. "Учурда расмий түрдө 7,5 миңге жакын таксист оң рулдуу унааларды айдайт. Аларга бир эмес, бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", — деди Самбаев. Лицензиянын баасы жеке жактар үчүн жылына 500 сом, юридикалык жактарга 1 000 сом болот. Лицензия албагандарга айып пулдун көлөмү 7 500 жана 23 000 сомду түзөт. Документти ЖКККББнын шаар менен аймактардагы бардык бөлүмдөрүнөн алса болот.