БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп европалык лидерлердин толук ок атышууну токтотуу талабын четке кагып, согуш жарым-жартылай уланып турса да тынчтыкка жетишүүгө болорун билдирди. Бул туурасында америка изилдөөчү, саясат таануучу Дмитрий Евстафьев айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Кеп Владимир Зеленский менен Трамптын жолугушуусу тууралуу болгон.
"Тынчтыкка согуш жүрүп жаткан чектердеги атышууну токтопой туруп деле жетсе болот деген Трамп позициясын жаңжалды толук токтотуу керектигин европалыктардын алдында коргоп калды" , — деген Евстафьев.
Азырынча экөөнүн ортосунда кепке келгендиктин белгиси жоктугун айткан.
"Азырынча кепке келип, кандайдыр бир чыныгы келишимдин, макулдашуунун белгилери байкалбайт. Ал эми коммуникациялык жана саясий жактан ЕБ лидерлери Америка президентинен да ашып түштү", — деген эксперт.
Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү кечинде Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен жолугуп, жарым саатка жетпеген убакыт сүйлөшкөн. Ага НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, Британия премьери Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Фридрих Мерц, Финляндия президенти Александр Стубб, Италия премьери Жоржа Мелони жана Владимир Зеленский катышкан.
Россия жана АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу Ак үйдөгү жолугушуу тууралуу сүйлөшкөнүн РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, 40 мүнөткө созулган баарлашуу "ачык-айкын жана мазмундуу" болгон.
АКШ лидери да жолугушууну жемиштүү болду деп жазган. Андан сырткары, Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун даярдап жатканын, анын артынан өзү да катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр болорун белгиледи.