БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Дональд Трамп расмий түрдө Украинаны НАТОго эч ким киргизбей турганын моюнга алды. Бул туурасында саясат таануучу, америка изилдөөчү Малек Дудаков Трамп менен Зеленскийдин кечээки сүйлөшүүлөрүнө комментарий берип жатып айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Киев америкалыктардан НАТО мүчөлүгүнө жана альянстын Уставындагы 5-берене боюнча коопсуздук кепилдиктерине окшош кепилдиктерди алгысы келет. Бирок алардын берилиши күмөн. АКШ кээ бир өлкөлөр менен гана коргоо боюнча эки тараптуу келишим түзгөн. Мисалы, Япония, Түштүк Корея өлкөлөрү. Ал эми Украинаны Трамптын администрациясы биринчи карай турган же маанилүү болгон багыттардын катарына киргизген эмес", — деген Дудаков.
Эксперт эгер кандайдыр бир убада берилсе, ал так, даана болбостугун айтып, буга АКШ-Тайвань мамилесин мисал келтирген. Вашингтон колдой тургандай көрүнгөнүн, бирок чындыгында андай эместигин кошумчалаган.
"Украина кайсы бир аймактарынан чындыгында кол жуугандыгын моюнга алышы мүмкүн. Кыязы, бул нерсеге көндүрүшсө керек", — деген ал.
Эксперт өзүнчө турган дагы бир маселе украиналыктардын Европа гранттарын колдонуп, Америка өндүрүшүнүн куралдарын сатып алганына байланыштуу экенин айтты. Европанын бюджетинин өп-чаптыгын жана Украинаны каржылоо процессин орто мөөнөттө кыскартуу күтүлүп жатканын кошумчалады.
"Украина жалпы кезекке туруп, көп жыл күтүшү керек болот. Тагыраагы, Американын Япония, Түштүк Корея, Израиль, Тайвань сыяктуу союздаштары менен курал алууга атаандашууга туура келет", — деген ал.