Кыргызстанда 22-августтан тарта таксилерди лицензиялоо башталат

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 22-августтан тарта таксилерди милдетүү лицензиялоо күчүнө кирип, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн оң рулдуу унааны айдоого тыюу салынат. Бул тууралуу ЖКККББнын транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев билдирди.
Анын айтымында, таксисттерден дароо лицензия талап кылынбайт, иш этап-этабы менен жүргүзүлөт. Акыркы этапты 1-декабрда бүтүрүү пландалууда, андан кийин рейддер башталат. Бирок 22-августтан тарта милиция оң рулдуу машиналар менен такси кызматын көрсөткөндөрдү текшере баштайт.
"Учурда расмий түрдө 7,5 миңге жакын таксист оң рулдуу унааларды айдайт. Аларга бир эмес, бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", — деди Самбаев.
Лицензиянын баасы жеке жактар үчүн жылына 500 сом, юридикалык жактарга 1 000 сом болот. Лицензия албагандарга айып пулдун көлөмү 7 500 жана 23 000 сомду түзөт.
Документти ЖКККББнын шаар менен аймактардагы бардык бөлүмдөрүнөн алса болот. Самбаев мындай чара элдин коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилип жатканын белгиледи. Лицензия берилерде айдоочу тууралуу маалыматтар жана машинанын техникалык абалы да текшерилет.
Пресс-борбор
Такси кызматын мыйзамсыз көрсөткөндөр Telegram-каналдар аркылуу да аныкталат