Скульптор Улан Садыков көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргыз скульптурасынын көрүнүктүү чеберлеринин бири, профессор, Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген кызматкер Улан Садыков дүйнө салды. Бул туурасында анын жакындары билдирди.
Садыковдун ысымы искусство менен маданиятка берилгендиктин белгиси катары сакталып калды.
Улан Садыков 1966-жылдын 29-июнунда Бишкекте төрөлгөн. Эрте жашынан эле чыгармачылыкка аралашып, алгач Семен Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайында, андан соң Василий Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм институтунда билим алган. Дал ошол жерде анын өз стили жана кесипкөйлүгү калыптанган. 1985-1987-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Улан Садыков бир топ жылын чыгармачылыкка жана окутуучулук ишке арнаган. Ал катардагы окутуучулуктан тартып, Улуттук көркөм өнөр академиясынын станоктук скульптура кафедрасынын профессоруна чейин өскөн. Бул жолдо ал бүтүндөй бир муундун жаш сүрөтчүлөрүн тарбиялады. Мындан тышкары, Түркиянын Кайсери шаарындагы университетте болжол менен беш жыл скульптурадан сабак берип, өлкөнүн мыкты беш скульпторунун катарына кирген. Өзүнүн студенттери үчүн ал мугалим гана эмес, руханий насаатчы да болгон.
Садыковдун чыгармачылык мурастарынын катарында монументалдык эстеликтер, камералык композициялар жана портреттер бар. Алар өлкөнүн маданий жүзүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланган. Анын эмгектеринде кыргыз элинин тарыхы менен руху, улуу инсандардын образдары жана улуттук аң-сезимдин символдору чагылдырылган. Эмгектеринин арасында Коргоо министрлигинин имаратынын жанында турган Баткенде курман болгон жоокерлерге арналган эстелик бар. Ал эрдиктин белгисине айланып, 1999-2001-жылдардагы Баткен окуяларында баатырдык менен өмүрүн берген жоокерлердин эрдигин түбөлүккө калтырды. Ошондой эле анын эмгектеринде Якутиядагы туулган жеринде Кыргызстандын компартиясынын биринчи катчысы М. Аммосовго арналган эстелик да бар.
Улуттук китепкананын имаратынын алдындагы акын Алыкул Осмоновдун, ковид пандемиясындагы ак халатчандардын эрдигин чагылдырган эстеликтер дал ушул сүрөткердин колунан чыккан. Анын эмгектеринин арасында "Жаштык", "Футболчу" аттуу монументтери, Түркиянын Кайсери шаарында Ататүрккө арналган чыгармалар сериясы жана Изник шаарында тургузулган "Кыргыз жоокери" эстелиги бар.
Садыковдун эмгектери жана аталган тармакка кошкон чыгармачылык салымы жогору бааланган. 2000-жылы ал Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгына татыган, ал эми 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Тарых илимдеринин доктору Владимир Плоских 89 жашында дүйнө салды