Путин — Трамп — Зеленский саммити тынчтык орното алмак беле? Абалга сереп

Sputnik
Дүйшөмбү Дональд Трамп үчүн окуяга толо күн болду, Зеленскийден тышкары Европанын жети мамлекетинин лидерлерин кабыл алды. Алгач Зеленский, андан кийин калган коноктору менен жолуккан соң дароо Владимир Путинге чалды. РФ лидери менен 40 мүнөткө чукул сүйлөшкөндөн кийин кайра европалыктар менен кезигип, ошондон кийин гана расмий билдирүү жасады. Маңызы — Путин, Зеленский үчөөнүн жолугушуусуна даярдык башталды. Америка президенти мунун баарын "алдыга карай жакшы кадам" деп сыпаттаганы менен Россия жана Украина башчыларынын жолугушуусу чындап эле жакынкы күндөрү өтөбү деген суроо туулат.
Кремль бул боюнча так кесе эч нерсе деген жок, президентттин жардамчысы Юрий Ушаковдун комментарийи өтө этият болду:
"Путин менен Трамп Россия жана Украина делегацияларынын түз сүйлөшүүсүн колдоо ниетин билдиришти. Лидерлер сүйлөшүү жүргүзө турган өкүлдөрдүн даражасын көтөрүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү талкуулашты".
"Сүйлөшүү жүргүзө турган өкүлдөрдүн даражасын көтөрүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү талкуулашты" дегендин өзүн ар кандай түшүнүүгө болот. Ошентсе да жогору жак тез арада жолугуша алат деп кесе айтууга негиз жок. Ал эми Трамп дал ушундай тез аранын ичиндеги жолугушууну каалап жатат, Ак үйдөгүлөр ушул айдын аягын кыйытышууда. Трамп Путин менен Зеленскийдин кол алышып жатканын элестетип отурса керек. Деген менен үчөөнүн жолугушуусуна "айрым" тоскоолдуктар бар.
Мындай тариздеги жолугушуу анык бир макулдашуу менен аякташы керек, кеп убактылуу элдешүү эмес, тынчтык тууралуу келишимдин принципиалдуу шарттары боюнча жүрүшү зарыл. Аляскадагы жолугушуунун чоо-жайы ачыкталбаса да Трамп менен Путин аймак, коопсуздук кепилдиги камтылган бул макулдашуунун маанилүү негиздери тууралуу бир пикирге келишсе керек. Трамп Зеленский менен европалыктарды Аляскада жетишилген макулдашуунун шарттарына көндүрүшү керек, Ак үйдө өткөн кечээки жолугушуу дал ушул максатты көздөдү. Колунан келдиби?
Зеленский менен Европа лидерлеринин сүйлөшүү алдындагы билдирүүлөрүн карасак, позициялары өзгөргөн эмес, Трампты мактап-жактагандары менен коопсуздук кепилдиги башкы орунда турду. Бирок Трамптын жолугушуунун жыйынтыгы менен жасаган билдирүүсүндө "коопсуздук кепилдиги Европа мамлекеттери тарабынан АКШ менен координацияда берилет" деп айтылды. Анткен менен европалыктардын каалаганы — координация эмес (Урсула фон дер Ляйен бир күн мурун НАТОну эстен чыгарып Европага да коопсуздук кепилдиги керек экенин айткан). Мындан тышкары, Европа Россия, АКШ жана Украина сүйлөшүүсүнө катышууну талап кылып жатат, Эммануэль Макрон үч тараптуу жолугушуунун уландысы катары "төрт тараптуу сүйлөшүү керектигин, анткени коопсуздук кепилдиги тууралуу сөз жалпы европалык континентке тиешелүү экенин, дал ушул себептен Европа Украинанын таламын талашып жатканын" айтты.
Зеленский да Ак үйдө америкалык жардам менен кепилдиктерге басып жасап, аймактык маселелер үч тараптуу жолугушууда чечилиши керектигин белгиледи. Эгер мындай форматтагы саммит Путин менен Зеленскийдин жолугушуусунан кийин өтө турган болсо, өзөгүндө бул Киевдин аймактарды Россияга берүүдөн эле эмес, жогорку деңгээлдеги жолугушуудан да баш тартты дегенди түшүндүрөт: Россия президенти аймактар боюнча маселе чечилмейин Зеленский менен жолукпайт. Ооба, Зеленский Трамп сунуштаган (Путин менен макулдашылган) ролду ойноп жаткандыр: алгач орустарга эч нерсе бербейм деп чыгат, андан кийин кысым алдында, АКШ президентинин суранычы менен Донбасстын бир бөлүгүн берүүгө макул болот чыгар. Мүмкүнбү? Мүмкүн, бирок азырынча Зеленский мындай сценарий болуп кетпейт деп үмүт артып турат.
Кандай болгон күндө да күн тартибинде башынан эле Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу эмес, Россия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү турат, алар жогорку деңгээлдеги жолугушууну даярдашмак, бу жолкусунда россиялык топту Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн бири жетектеши мүмкүн. Эгер сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болсо Путин — Зеленский — Трамп саммитине чындап жол ачылат. Алдыдагы күндөр окуяга жык болору айкын болуп калды.
Үч тараптуу саммит согушту токтотобу деген суроо жаралат. Жок, мындай жолугушуу болгон күндө да эч ким эч нерсеге кепилдик бере албайт, Путин менен Трамптын буга чейинки макулдашуулары жокко чыгып кетиши мүмкүн, үчүнчү тарап жолугушуунун өзүн үзгүлтүккө учуратышы да ыктымал. Саммит жакшы өткөн күндө деле туруктуу тынчтык орнойт деген кепилдик жок, анткени бул учурда ок атуунун токтошу менен чектелбейт, аймактарды Россияга өткөрүп берип, РФ кызыкчылыгына төп келген коопсуздук кепилдиктери тууралуу бир пикирге келүү керек болот. Украинанын эле эмес, Россиянын, анын Батыш менен болгон мамилесинин коопсуздугу кепилдениши зарыл. Анткен менен Путин менен Трамптын тынчтыкка келүү аракети кандай болгон күндө да тарыхта калды.
Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен жолуккандан кийин Путинге чалды