БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Эгер ишкер өлкөгө 1 миллиард сом жана андан ашык инвестиция сала турган болсо министрлер кабинети менен түз инвестициялык макулдашууга жетише алат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
"Эл аралык кадыр-баркы жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү тажрыйбасы, билими бар инвесторлорго дал ушундай мүмкүнчүлүк берилет", — деп айтылат маалыматта.
Инвестициялык келишимдин алкагында инвесторлорго төмөнкүдөй артыкчылыктар берилиши мүмкүн:
салыктык жана бажы жеңилдиктери;
негизги кызматкерлер үчүн визалык колдоо;
жер тилкесин издөө жана мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү.
Ошондой эле ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү орган инвестициянын суммасына карап инвестор менен түз келишимге кол кое аларын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев билдирди.
Белгилей кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров "Инвестициялар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргенден кийин кол койду.