БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстан тогуз тонна атыр экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, Казакстанга 7,4 тонна, Россияга 1,2 тонна атыр жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмирликтерине 0,4 тонна парфюмерия экспорттолгон.
Товардын көбү ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылган.