Кийинки жылдан тарта ЖОЖдор сырттан окууга кабыл албайт

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылынан баштап жогорку билим берүү системасында сырттан окутууга чектөө киргизилет. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Анда келерки окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө, кайсы мекемеге таандык экенине жана макамына карабастан жогорку кесиптик окуу жайлардын сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу токтотулары айтылган.
"Университеттер дистанттык-санариптик формага өтүшү керек. Бул билим берүүнүн сапатын жогорулатып, формалдуу мамилени кыскартат жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми буга чейин сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргандарга окуунун ушул формасы менен университетти аяктап, диплом алууга мүмкүнчүлүк берилерин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрилигинен билдиришти.
Жалал-Абад шаарындагы ЖОЖдордон 2 606 студент окуудан чыгарылды