"ЭлКат" эл аралык байланыш оператору мамлекетке кайтарылгандан кийин 2025-жылдын жарым жылдыгында кирешеси 32 пайызга, салыктардын көлөмү 36 пайызга, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 10 пайызга, таза пайда 100 миллион сомдон ашып, 65 пайызга өстү. Бул тууралуу Нурадил Баясов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "ЭлКат" компаниясы жакында жаңы улуттук операторду ишке киргизет.
"ЭлКат" эл аралык байланыш оператору мамлекетке кайтарылгандан кийин анын кирешеси өсүп, ишмердүүлүгү ачык болуп калды. Компаниянын тарыхы 1993-жылдан башталып, Кыргызстандагы интернет-сервистин лидери катары белгилүү. 2025-жылдын жарым жылдыгында кирешеси 32 пайызга, салыктардын көлөмү 36 пайызга, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 10 пайызга, таза пайда 100 миллион сомдон ашып, 65 пайызга өстү. Учурда бардык инфраструктуралык маселелер каралып, интернеттин сапатын жакшыртуу боюнча иш кызуу жүрүп, киберкоопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бир катар долбоорлор мерчемделген. Мисалы, "ЭлКат" компаниясы жакында жаңы улуттук операторду ишке киргизет. Даярдык соңуна чыгып калды", — деди Баясов.
Ошондой эле ал 15-августтан баштап бир жылга чейин интернетти алып келүү жана аны таратууга мамлекеттик монополия киргизилип, мындай кадам санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүдө жана ички тартипти орнотууда жакшы натыйжа берерин кошумчалады.