Эксперттер Ысык-Көлдө ЖККУнун жаштар борборун ачууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө ЖККУнун жаштар борбору ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу IV Евразия аналитикалык форумунун уюштуруу комитетинин теңтөрагасы Нурбек Өмүралиев менен уюмдун мурдагы баш катчысы Николай Бордюжанын Sputnik маалымат борборунда видеокөпүрө форматында өткөн сүйлөшүүсүндө айтылды.
Өмүралиев социалдык-маданий байланыштарды чыңдоо үчүн уюмга мүчө өлкөлөрдө жаштар фестивалдарын өткөрүп турууну сунуштады. Бордюжа бул идеяны колдоп, мындан 15 жыл мурда Ысык-Көлдө ЖККУнун жаштар борборун түзүү долбоору иштелип чыкканын билдирди.
IV Евразия аналитикалык форумунун уюштуруу комитетинин мурдагы баш катчысы Николай Бордюжа
"Ар бир мамлекет бирден корпус жана кандайдыр бир социалдык же инженердик объект куруп бермек. Ал борбордо студенттер үзгүлтүксүз жолугуп, ар кандай сынактарды, форумдарды өткөрүп турары пландалган. Демилгени бардык президенттер колдогон. Ал маалда Кыргызстанды Курманбек Бакиев жетектечү. Андан кийин саясий окуялар болуп, долбоор ишке ашкан эмес", — деп эскерди Бордюжа.
Эскперттин айтымында, бүгүн ЖККУга мүчө мамлекеттер көл жээгинде жаштар борборун түзүү маселесин кайрадан күн тартибине чыгарса болот.
"Муну ар бир мамлекет акча бөлүп, жамаатташып ишке ашырышы керек. Ар ким өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен корпустардын архитектурасын иштеп чыкса болот", — деп сөзүн жыйынтыктады уюмдун мурунку баш катчысы.
Радио
ЖККУнун дүйнөдөгү орду барган сайын бекемделүүдө