БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында 18-август күнү КМШга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн байланыш жетекчилеринин координациялык комитетинин жыйыны, ошондой эле аскердик байланыш тармагындагы адистер менен жолугушуу болуп өттү.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында байланыш системаларын өнүктүрүү, иш-аракеттерди координациялоо жана Шериктештик өлкөлөрүнүн армиялары ортосунда тажрыйба алмашуу талкууланды. Анын жыйынтыгында протоколго кол коюлган.
Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын байланыш башкармалыгынын жетекчиси, полковник Азат Хайбулов катышкан. Ал аскердик байланыш тармагындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, натыйжалуу жана туруктуу байланыш системасы армиялардын коопсуздугунун жана согушка жөндөмдүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү экенин белгилеген.