БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Борбор Азияда суу ресурстарынан улам чыр-чатактардын чыгып кетүү тобокелдиги абдан жогору. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун Социалдык изилдөөлөр борборунун башчысы, IV Евразиялык аналитикалык форумдун уюштуруу комитетинин тең төрагасы Нурбек Өмүралиев билдирди.
Ал 9-12-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган IV Евразиялык аналитикалык форумду (ЕАФ–2025) жана III Эл аралык жаштар аналитикалык конгрессин утурлай Sputnik маалымат борборунда видеокөпүрө форматында уюштурулган жыйында сүйлөгөн.
Өмүралиев Афганстан Аму дарыясында Кош-Тепа каналын куруп жатканын эске салды.
Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун Социалдык изилдөөлөр борборунун башчысы, IV Евразиялык аналитикалык форумдун уюштуруу комитетинин тең төрагасы Нурбек Өмүралиев
© Sputnik / Жантай Макенов
"Афгандар канал куруу маселесинде эч ким менен эсептешкен жок. Ушундан улам алар Өзбекстандын жана Түркмөнстандын төмөнкү бөлүгүн дээрлик суусуз калтырышы мүмкүн. Бизде мөңгүлөр болуп, бул багытта багыбыз бар. Бирок ал да түбөлүктүү эмес. Колдон келген аракетти кылып, сактап калганыбыз дурус болот эле. Чөлкөмдө суу маселеси курчуйт", — деп билдирди эксперт.
Ал туруктуулук факторун белгилеп, Кыргызстандын жетекчилиги көрүп жаткан аракеттин аркасында бардык чек ара маселеси чечилгенин кошумчалады.
"Эгерде мамлекеттер аралык кагылышууга эч кандай негиз болбосо, анда коңшу жашаган элдер ортосунда байланыш бекемделет. Чек арадан эркин өтүшөт, жаңы экономикалык алака орнойт", — деди Өмүралиев.