БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге генерал-лейтенант жогорку аскердик наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Ажикеев 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп келет.